Түштүк Кореядан автоунаа ташуу боюнча коррупциялык схеманын бети ачылды

21 февраля 2024, 10:09

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери жана жеке адамдар бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында транспорт каражаттарын өткөрүп берүү менен алектенген туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн. Бул тууралуу УКМК кызматы билдирди. 

Белгиленгендей, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жеке адамдар жеке кузов жана мотор тетиктерин жамынып, Түштүк Кореядан автоунааларды алып келүү схемасын уюштурушкан. Муну менен алар импорттук бажы төлөмдөрүн бир топ кыскартышкан. 

Мындай жол менен алынып келинген унаалардын каттоого турган алгачкы документтери болгон эмес. Ошого карабастан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы жана адистери тарабынан акыркы бир нече жыл ичинде Кыргызстандын аймагында 600дөн ашык баштапкы документтери жок унаалар катталган.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке миллиондогон доллар зыян келтирилген.