Министр: Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 70 пайызга бүткөрүлдү

25 декабря 2020, 13:00

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 70 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдирди. 

 

 

Анын айтымында, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 433 чакырымынын 193 чакырымына асфальт төшөлдү.

Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Санжар Асаналиев белгилегендей, аталган альтернативдүү жол 5 долбоорго бүлүнөт.

«1-фазасында быйыл курулуш иштери жүрдү. Бирок пандемияга байланыштуу жумуштар план боюнча аткарылбай калды. Бирок ал фазадагы туннелди 2021-жылы бүтүрүү пландалууда. 2-фазада 20 км чакырым пландалган. Ал жолдун 17 чакырымына асфальт төшөлдү. Анда да эки эстакадалык көпүрө бар: биринчиси 1076 метр, экинчи 396 метрге созулат. Ал 90%га бүттү. 3-фаза 3 долбоорго бөлүнгөн. Анда жер жумуштары, суу түтүктөрү боюнча иштер жүрүүдө», - дейт ал.