Турарбек Масыбаев «РСК Банктын» директорлор кеңешинин курамына кирди

5 апреля 2024, 17:46

"РСК Банк" ААКтын Директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Банктын акционерлеринин 29-марттагы жалпы чогулушунун чечими менен директорлор кеңешинин мүчөсү Чолпон Мажитованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Башка чечим менен Турарбек Масыбаев төрт жылдык мөөнөткө директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.