Кыргызстан менен Түркия МЖӨ тармагында кызматташат

11 сентября 2021, 09:06

Кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында Кыргызстандын инвестициялар министрлигинин алдындагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк борбору менен Стамбул МЖӨ борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө кызматташууга негиз түзүү, ошондой эле бул багытта алдыңкы тажрыйбаны өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

Кызматташтык төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:

  • мамлекеттик жана жеке сектордун МЖӨ долбоорлорун консультациялоодо, демилгелөөдө жана алга жылдырууда колдоосу;
  • МЖӨ механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу;
  • МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү үчүн билимдерди, көндүмдөрдү, ноу-хоу киргизүү жана алмашуу;
  • тобокелдиктерди башкаруу системасы боюнча биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, МЖӨнүн учурдагы долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү, МЖӨнүн мыйзамдык жана институционалдык негиздерин иштеп чыгуу, МЖӨ долбоорлорун даярдоо жана баалоо;
  • кызматкерлерди МЖӨ багытында окутуу;
  • көп тараптуу кызматташуу долбоорлоруна же башка эл аралык программаларга биргелешип катышуу (AP3F, PPIAF, USAID ж. б.)