Түркия Covid-19 вакцинасын Кыргызстанда сынап көрүшү мүмкүн

25 июня 2021, 13:30

Түркиянын Саламаттык сактоо министри Turcovac вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү этабын Кыргызстан, Венгрия жана Азербайжанда өткөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыкты.

Азыркы тапта Түркия жарандарынын ичинен 18 жаштан 55 жашка чейинки 40 миңден ашуун адам клиникалык сыноолордун үчүнчү этабына катышууда.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджанын айтымында, тестирлөөнүн үчүнчү этабындагы иштер Кыргызстан, Венгрия жана Азербайжанда жүргүзүлөт. Министр тесттерге катышуу үчүн башка өлкөлөр менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Бирок кыргыз бийлиги сыноолорду расмий жарыялай элек.