Турция буурчакка болгон салыкты кыскартпайт
Турциянын соода министрлиги Кыргызстандан экспорттолгон буурчакка болгон салыкты кыскартпайт. Бул тууралуу КР Турциядагы элчилиги Кубанычбек Өмүралиев менен Турция соода министрлиги менен болгон жолугушууда айтылды.
Рухсар Пекджандын айтымында, Турция 2017 – жылы буурчактын начар тушумдүүлүгүнөн улам, салыктын көлөмүн кыскарткан. Азыр мындай муктаждык жок болгондуктан, жергиликтүү дыйкандардын укугун коргоо максатта, салыктын баасы төмөндөбөйт.
“Кыргызстан жакынкы аралыкта эч кандай жеңилдикти күтпөшү керек.” – деп билдирди.