Түркия Баткен облусуна спорт комплексин курат

24 июня 2021, 09:40

Түрк ишкерлери Баткен облусунун тургундарына социалдык жардам катары спорт комплексин кургусу келет. Бул тууралуу Инвестициялар министринин Түркиядан келген ишкерлер менен жолугушуусунда айтылганы маалым болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жүндү кайра иштетүү, спорт комплекси, маданий жайлар, ошондой эле катуу таштандыларды кайра иштетүү боюнча долбоорлорду биргеликте ишке ашырабыз деп макулдашышты.

Өз кезегинде Алмамбет Шыкмаматов түрк тарапка чет элдик инвесторлорго жер тилкесин берүүнүн жол-жоболору жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында тараптар объектилерди текшерүү үчүн иш сапарын пландаштырып жатышат.