Түркия алты мамлекет менен авиакаттамды токтотот

29 июня 2021, 16:30

Түркия коронавирустун жаңы түрлөрүнө байланыштуу алты өлкө менен каттамдарын токтотот. Бул тууралуу аталган мамлекеттин ички иштер министрлигинин сайтында жазылды.

Ушул жылдын 1-июлунан тарта Түркия Бангладеш, Бразилия, Непал, Индия, Шри-Ланка жана Түштүк Африка менен каттамдарын токтотот.

Акыркы 14 күндүн ичинде Түркияга келген Бангладеш, Бразилия, Непал, Индия, Шри-Ланка жана Түштүк Африка Республикасына келген жүргүнчүлөр республикага кирерден мурун эң көп дегенде 72 саат мурун терс ПЦР тестин тапшырышы керек экендиги белгиленди. Андан кийин алар 14 күнгө карантинге алынат.

Милдеттүү обочолонуу акыркы 14 күндүн ичинде аба каттамдары токтотулган алты мамлекеттин биринде болгон же Афганистан менен Пакистандан Түркияга келген адамдарга да тиешелүү.