Түркия Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүчү ишкана курат

23 августа 2021, 14:38

Мэрия түрк фирмасы менен Бишкектеги таштанды полигонунун аймагына таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу "Акчабарга" жеке булактары билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев таштанды полигонунун аймагын көрдү.

Белгилүү болгондой, түрк компаниясы мындай объекттерди курууда чоң тажрыйбага ээ. Компаниянын Түркиядагы таштандыларды кайра иштетүүчү 18 ишканасы бар. Белгиленгендей, завод калдыктарды сорттоодон иштетүүгө чейин толук циклге ээ болот.