Түркиянын акча которуу системасы Улуттук банкта катталды

1 декабря 2022, 17:47

Түркиянын PayPorter акча которуу системасы Улуттук банкта каттоо процедурасынан өткөн эл аралык акча которуу системаларынын реестринде катталды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Реестрдеги каттоо номери 1050301122.

"Эл аралык акча которуу системасынын оператору HIZLIPARA ÖDEME HIZMETLERI VE ELEKTRONIK PARA A. Ş. Кыргызстандын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү", - деп айтылат УБнын маалыматында.