Кара-Балта килем комбинатын түрк инвесторлору сатып алды
Түрк инвесторлору текстиль фабрикасынын курулушуна 25 миллион доллар салууга даяр. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшан Сабиров билдирди.
Аталган мекеменин директору белгилегендей, фабрика Кара-Балта килем комбинатынын базасында курулат.
"Компаниянын курулушу жүрүп жатат. Ишке киргизилгенден кийин бул жерде 1000ге чейин жумуш орундары түзүлөт деп пландалууда", - дейт Равшан Сабиров.
Кара-Балтадагы килем комбинаты жеке ишкана. Текстильдик жабдуулардын эскилиги жетип, чийки заттын жоктугунан 2013-жылдан бери токтоп турат.