Түрк тилдүү мамлекеттердин кезексиз жыйыны видеоконференция форматында өтөт
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезексиз жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу КР президентинин сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык жыйын бүгүн, 10-апрелде өтөт жана ага КР президенти Сооронбай Жээнбеков дагы катышат.
Азербайжан Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган кезексиз жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү маселеси талкууланат.
Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышат.
Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисустун катышаары күтүлүүдө.