«Түркмөнгаз» Кытайга болгон карызын төлөдү

16 июня 2021, 16:50

Түркмөнстан Кытай-Түркмөнстан газ куурун куруу жана дүйнөдөгү эң ири “Галкыныш” газ кенин иштетүү үчүн алган насыясын толугу менен төлөп берди. "Түркмөнстан бүгүн" өкмөттүк жыйындын жыйынтыктары жөнүндө жазды.

Басылма Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Синьцзян филиалы насыяга алынган каражаттардын төлөнгөндүгүн тастыктады деп белгиледи. 

Өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун айтымында, Түркмөнстан КЭР тарабынан берилген насыяларды өз убагында жана толугу менен төлөп берди. Бул факт Түркмөнстан алган милдеттенмелерин аткаруу үчүн жооптуу экендигин көрсөтөт.