Түркмөнстан Кыргызстанга газ жеткирүүнү көздөөдө

29 июня 2021, 12:30

 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаров менен энергетика тармагында кызматташуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу түркмөн сайттары жазды.

Түркмөнстандын лидери түркмөн-кыргыз кызматташтыгынын негизги багыттарын аныктап жатып, энергетика анын эң маанилүү багыты экендигин белгиледи. Тактап айтканда, түркмөн жаратылыш газын жана электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө сөз болгону маалым болду.

Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга газ жана электр энергиясын жеткирүүнүн техникалык, уюштуруучулук жана башка параметрлерин олуттуу талкуулоого даяр экендигин билдиргени айтылды.