Турсалиева: Тамак-аш коопсуздугун камсыздайм
«Акчабар» порталы бийликтеги, бизнестеги кыргызстандык аялдар тууралуу берүүлөрдү тарта баштады. Атайын долбоордун алгачкы каарманы жакында эле Айыл чарба министрлигине орун басар болуп дайындалган Бермет Турсалиева болду. Ал министрликтеги оош-кыйыштар, аялдардын кызматтагы орду боюнча ой бөлүштү.