Twitter мамлекеттик медиа аккаунттарын белгилей баштады

7 августа 2020, 12:26

Twitter мамлекеттик медиа аккаунттарын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр - Орусия, Британия, Кытай, Франция жана АКШдан белгилей баштады. Социалдык тармак мамлекеттик ММКларды же алардын твиттерин бардык сунуштоо тутуму аркылуу жайылтпайт. Бул тууралуу социалдык тармактын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы белгилер башкы редакторлордун / мамлекеттик маалымат каражаттарынын жетекчилеринин, мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде тышкы иштер министрлеринин, институционалдык түзүмдөрдүн, элчилердин, кызмат адамдарынын жана дипломатиялык лидерлердин эсептерине кошулат.

“Учурда биз мамлекеттин чет өлкөлөрдөгү расмий өкүлдөрү болгон жогорку кызматтагы адамдарга жана уюмдарга көңүл бурдук. Ачыктык жана практика үчүн биз чектелген, так аныкталган мамлекеттердин тобунан баштайбыз жана келечекте бул кеңири чөйрөлөргө жайылат”, - деп айтылат билдирүүдө.