Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган атайын эсепке 13 млн сом топтолду

17 марта 2021, 15:30

Үстүбүздөгү жылдын 17-мартына карата тышкы карызды төлөө боюнча ачылган атайын эсепке 13 млн 332 миң сом чогулду. Эсеп 2020-жылы ачылган. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги билдирди. 

 

2 млн сом өлчөмүндөгү акыркы транш үстүбүздөгү жылдын 3-мартында жүргүзүлгөн. 

 

Сумманын басымдуу бөлүгү, тагырагы 10 млн сомду ишкер Умар Мухаммедов которгон. Андан сырткары, ири суммаларды Абиб Маткасимов жана Таалайбек Рысалиевдер тарабынан которулган.