Тышкы карызды рестуруктуризациялоо боюнча эксперттер талкуу жүргүзүштү

23 октября 2020, 12:00

Финансы министрлиги тышкы карызды рестуруктуризациялоо жана бюджетти колдоо боюнча эксперттердин тобу менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Министрликтен белгилеп кетишкендей, эки тарап коронавируска каршы күрөшүү үчүн каржылык жардамды андан ары тартуу жана Кыргызстандын экономикасындагы пандемиянын терс кесепеттери боюнча каржы министрлигинин өнүгүү боюнча өнөктөштөрү менен макулдашылган ишинин маселелерин талкуулашты.

Кыялбек Мукашев бюджеттик колдоого багытталган келишимдердин жана ратификацияланган келишимдердин алкагында акча каражатын өз убагында бөлүүнү өтүндү.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Кытайдагы Элчиси Канайым Бактыгулова Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда Асман империясына болгон өлкөнүн карызын реструктуризациялоо маселесин көтөргөн.