26 жаштагы ишкер тышкы карызды төлөө үчүн 10 млн сом которду

20 января 2021, 17:20

Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн, ыктыярдуу негизде акча которууна каалагандар үчун  ачылган атайын эсепке, 20-январь күнү 11 млн сом которулган. Бул тууралуу «‎Акчабарга» финансы министрлигинен маалымдашты. 

 

 

 

 

Белгиленгендей, 19-январда бир транш аркылуу 10 млн сом каражат которулган. Бул акчаны Умар Мухаммедов аттуу 26 жаштагы жаран которгон. 

Turmush басылмасынын маалыматына ылайык, Умар Мухаммедов Жалал-Абад облусунун Сузак районунан чыккан ишкер. Алгач ишкер бул акчага бала-бакча салууну пландаган. Бирок, кийинчерээк өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн которууну чечкен.