10 жылда Кыргызстан тышкы карыздын үстөк пайызына 362.2 млн доллар төлөгөн

31 марта 2021, 12:45

Кыргызстан дээрлик 10 жыл убакыттан бери тышкы карыздын үстөк пайызын төлөө үчүн 30.7 млрд сом же доллардын азыркы курсу боюнча 362.2 млн доллар бөлгөн. Бул тууралуу республиканын экономика жана финансы министрлиги билдирди.

 

Үстөк пайыздын басымдуу бөлүгү, тагырагы 4 млрд 456.7 млн сом 2020-жылы төлөнгөн. 

Бул жылдар аралыгында мамлекеттик карызды төлөө үчүн республикалык бюджеттен Кыргызстан 199.8 млрд сом же 2.3 млрд доллар бөлгөн. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 954.11 млн доллар же 420 млрд 108.67 млн сомду түзгөн.