Жазгы ЖРТ сертификаттары ЖОЖдорго кышкы кабыл алууда жарактуу болот

24 октября 2023, 12:20

Жазгы ЖРТ сертификаттары ЖОЖдорго кышкы кабыл алууда жарактуу болот. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Анын айтымында, эгерде абитуриент жазында окууга өтүп, бирок кандайдыр бир себептерден улам кабыл алынбай калса, анда ал сертификатты кышкы кабыл алуу өнөктүгү учурунда колдоно алат.

Ал эми май айында да сынактан өтпөй калгандар кайра тапшырса болот.