«Манас Тур» компаниясына жаңы жетекчи дайындалды

2 декабря 2022, 13:23

“Манас” эл аралык аэропорту ААКтын туунду компаниясы “Манас Тур” ЖЧКсынын жаңы башкы директору шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, “Манас Тур” компаниясынын башкы директору Аскар Абдыкулов жазган арызынын негизинде кызмат ордунан кеткен. Аталган кызматка 2022-жылдын 22-ноябрынан тарта Жайлообай Нышанов шайланган.