«Кермет Банкта» башкармалыктын төрагасы алмашты

17 ноября 2021, 12:54

Бүгүн Алмаз Айбалаев "Керемет банктын" башкармалыгынын төрагалыгына келди. Ал бул кызматка банктын директорлор кеңешинин 15-ноябрда кабыл алынган чечими менен дайындалды.

Ал ушул жылдын 18-январында банктын жетекчиси болуп дайындалган Рысбек Токтогулдун ордуна келген. Маалым болгондой, ал өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматтан кеткен.

Мындан тышкары, директорлор кеңеши тарабынан "Кермет Банктын" башкармалыгынын төрагасынын орун басарлары болуп Кубанычбек Шапаков менен Максат Дадыбаев  дайындалды.