«Бишкек-Нан» ишканасына жаңы жетекчи келди

10 марта 2023, 09:52

"Бишкек-Нан" ААКсы аткаруу органынын курамы өзгөргөнүн билдирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Маалыматта мурдагы башкы директор Эрмек Шеримкулов кызматтан кетүү тууралуу арызын өз каалоосу менен жазганы белгиленген.

Директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын жаңы башкы директору болуп Аскат Шеримкулов дайындалды.