Центеррада жетекчи алмашты

7 сентября 2022, 14:41

Бир күн мурун Центерра компаниянын президенти жана башкы аткаруучу директору кызматына Пол Райт убактылуу дайындалганын жарыялады.

Белгилеп кетсек, Райт Центерраны жети жыл башкарган Скотт Перринин ордуна келди.

Пол Райт тоо-кен тармагында 40 жылдан ашык эл аралык чоң тажрыйбага ээ. 2017-жылы Райт Эльдорадо Голддон 1999-жылдан бери ээлеген президент жана башкы директор кызматынан кеткен. Андан кийин 2020-жылы Центерранын директорлор кеңешине шайланган.