Кыргызтандын мамлекеттик карызын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү

11 мая 2021, 10:00

Кыргызстандын мамлекеттик карызды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын аягында карыз ИДПнын 60% босоголук чегинен ашып, жеңилдетилген шартта гана насыялык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгү калды.

Салык базасынын өсүшү жана тышкы карызды тейлөө көлөмүнүн өсүшү болбогон учурда, мамлекеттик чыгымдардын кыскаруу ыктымалдыгы жогорулай тургандыгы белгиленди. Бул орто мөөнөттүү мезгилде ИДПнын өсүшүнө орточо таасирин тийгизип, экономиканын калыбына келүүсүн басаңдатат.