Кыргызстандыктар төлөмдү Samsung Pay жана Apple Pay  аркылуу жүргүзө алышат

22 января 2020, 16:50

Улуттук банк Samsung Pay жана Apple Pay менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар Кыргызстандын рыногуна жакынкы 2-3 жыл ичинде кирүүнү пландашууда. Бул тууралуу КР  УБ төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. 

Анын айтымында, инфраструктурада бир катар маселелер бар. Өткөн жыл менен салыштырып караганда колдонуучулардын саны үч миллионго жетти. Ал эми карта колдонуучулардын саны дагы өсөөрүн билдирди.