Шенген визасын Венгриянын Бишкектеги элчилигинен алса болот

5 октября 2021, 11:30

Ушул жылдын октябрь айынан тарта Венгриянын Бишкектеги элчилиги кыргыз жарандарына Евробиримдиктин шенген визасын бере баштайт. Бул тууралуу кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

Жолугушууда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Стратегиялык кеңештин кийинки жыйынын 2022-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын тышкы иштер министрлери кыргыз студенттерин Венгриянын жогорку окуу жайларында окутуу үчүн квоталарды жыл сайын 200 орунга чейин көбөйтүүгө макулдашышты. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстанда ЖОЖдордун ректорлорунун ассоциациясынын форумун жана Венгриянын ректорлор конференциясын өткөрүүгө даярдыгын билдирди.