Талдык ашуусундагы жолду оңдоого Транспорт министрлигинин каражаты жок

22 июня 2021, 14:30

Талдык ашуусунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Транспорт министрлигинин каражаты жетишсиз. Бул тууралуу мекеменин сайтындагы билдирүүдө маалым болду. 

Учурда тиешелүү техника ашуудан мүмкүн болушунча коопсуз өтүү үчүн иштеп жатат. Ашуудагы калыбына келтирүү иштери акыркы жолу 2009-2012-жылдары инвестициялык каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.

Бирок ушул күнгө чейин, тынымсыз кулаган таш, жер астындагы суулар жана жогорку капталдарынын түшүшүнөн улам Транспорт министрлиги тарабынан тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн, альтернатива катары - туннель куруу сунушталууда.