Профсоюздардан пансионаттар алынышы мүмкүн

1 мая 2023, 09:13

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго бардык балдар лагерлери менен пансионаттарды мамлекетке кайтарууну сунуштады. 

“Биз азыр бардык профсоюздук пансионаттарды инвентаризациялоодон өткөрүп жатабыз. Бул боюнча кылмыш иштери да козголду. Инвентаризация бүткөндөн кийин чечим кабыл алып, жарыялайбыз”, - деди Акылбек Жапаров.