Президент куралдуу кагылышууга байланыштуу кайрылуу жасады

19 сентября 2022, 13:15

Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетте каражат бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууга байланыштуу кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандардын тынчы кетүүдө. 

Ал белгилегендей, мындан эки эле жыл мурда армияда курал жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлерди кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эмес.

“Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат”, - деди мамлекет башчы. 

Эске салсак, Тажикстан тараптан Кыргызстанга карата агрессия 14-сентябрда башталган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын 59 жараны набыт болду.