Улуттук Банк коммерциялык банктардагы кызматтарга талапкерлерди жактырды

20 июля 2020, 12:00

16-июлда КР Улуттук банкы коммерциялык банктардагы кызматтарга үч талапкердин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу регулятордун расмий сайтында айтылат.

Буга ылайык Улуттук банк төмөнкү талапкерлердин талапкерлигин жактырды:

  1. «РСК Банк» ААК тарабынан көрсөтүлгөн Бекболотов Данияр Жеңишбековичтин талапкерлиги «РСК Банк» ААКнын жетекчилер кеңешинин төрагасынын кызматына жактырылды;
  2. «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» тарабынан көрсөтүлгөн Власова Александра Александровнанын талапкерлиги «Демир Кыргыз Интернэшнл Банкынк» ЖАКнын ички аудит бөлүмүнүн башчысынын кызматына жактырылды;
  3. «Оптима Банк» тарабынан көрсөтүлгөн Усупбаева Нуршат Токтогуловнанын талапкерлиги «Оптима Банк» ААКнын башкы бухгалтеринин кызматына жактырылды.