Башаламандыктын жүрүшүндө казакстандык ишкерлердин чыгымы 184 млн долларга чейин жетти

8 января 2022, 09:23

"Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасы келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжолдуу эсептөөлөр боюнча дээрлик 80 млрд теңге (183,7 млн доллар) болгонун билдирди.  Цифралар болжолдуу, азырынча көпчүлүк чарбалык субъекттерге келтирилген зыянды баалоо мүмкүн эмес. Мындай маалымат аталган палатанын Фейсбук баракчасына жарыяланды. 

 819 объектте (анын ичинде 14 соода жана оюн-зоок борборлору жана соода үйлөрүндө) жайгашкан 675 жабыр тарткан чарбалык субъектилер аныкталган.

"Талоончулук уланууда, 6-январдан 7-январга караган түнү Алматы шаарында (SEC Silk Way, Төлө би проспекти, Aport  Mаll гипермаркети, Райымбек Батыр проспектисинде" Мечта" Соода үйү) фактылары катталды", — деп жазган ишкерлер палатасы.

 "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасы бардык аймактардагы бизнес-ассоциациялар менен биргеликте мыйзамсыз аракеттерден улам келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы боюнча ишкерлерден маалымат чогултууда.