Спортчулардын мелдештерге катышуусуна 250 млн сом жумшалды

16 августа 2023, 09:23

Быйыл жарым жылда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бюджеттен 2 млрд 145 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, мында маданий иш-чараларды даярдоого, өткөрүүгө жана катышууга 49 млн сом бөлүнгөн. 

“Ошондой эле, дене тарбия департаментинин чыгымдары 896,3 млн сомду түзгөн, анын ичинен 250 млн сому спортчулардын календардык планга киргизилген спорттук иш-чараларга катышуусуна жумшалган”, - деп айтылат маалыматта.