ЖЭБ-2нин жанындагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат

15 ноября 2021, 18:01

Жакынкы убакта борбордук ЖЭБ-2 жанындагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров тийиштүү тапшырма берди.

"Ушул жуманын аягына чейин Министрлер Кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат", - деди ал.

Ошондой эле, ЖЭБ-2 жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылды.