КФБ аркылуу 300 миң сомго мамлекеттик баалуу кагаздар сатылып алынды

21 февраля 2023, 10:00

Ушул жылдын 17-февралында биринчилик рынокто беш жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына облигацияларынын бир бүтүмү түзүлдү. Бул тууралуу Kыргыз фондулук биржасы билдирди.

Бүтүмдүн көлөмү 310 миң сомду түздү. Баалуу кагаздын бир нускасынын баасы мамлекеттик казына облигациясына 66,45 сомду түздү.

Белгиленгендей, баалуу кагаздардын бул түрү менен бүтүм акыркы жолу биржада 2020-жылдын 21-августунда катталган. Анда көлөм 3 миллион 990 миң сомду түзүп, баасы 82,84 сом деп белгиленген.