Ар бири 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр бизнесин ийгиликтүү жүргүзүп жатышат

31 мая 2022, 10:57

Пилоттук долбоордун алкагында жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сомдон алган Жумгал жана Кадамжай райондорунун тургундары жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

“Мына, пилоттук долбоорлорду ишке ашырган 100 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 57 пайызы мал чарбачылыгы жана сүт өндүрүү, 19 пайызы чекене соода, фастфуд жана кондитердик азыктарды өндүрүү, 14 пайызы курулуш жана оңдоо иштери, 10 пайызы тигүүчүлүк менен алектенишкен” - деди министр.

Анын айтымында, бул тажрыйба бүтүндөй республикага жайылса туура болот.