«Учкун» басмаканасы техникалык жабдуулар менен жаңыланды

29 марта 2023, 17:35

Учурда “Учкун” басмаканасына чет өлкөдөн жаңы заманбап техникалар келип, жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул иштер толук аягына чыккандан кийин, басмакана ID-card, жалпы жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортторду даярдап баштайт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков “Фейсбук” баракчасына жазды.

Анын айтымында, басмаканада буга чейин аттестат, күбөлүктөр, дипломдор сыяктуу жөнөкөй мамлеттик иш кагаздар гана басылчу. Көп нускалуу китептерди басып чыгарууга мүмкүнчүлүк дагы аз болгон. Буга байланыштуу окуу куралдары жеке компаниялар тарабынан даярдалып келет.

“Азыркы учурда ID-card Түштүк Кореялык жеке компания, жалпы жарандык паспорт Германиялык жеке компания тарабынан, ал эми айдоочулук күбөлүк Казакстандан даярдалып келет. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен ири суммадагы акча каражаты коротулуп жатканы белгилүү”, - деп айтылат маалыматта.

“Учкун” басмаканасынын техникалык базасы тийиштүү талаптарга жооп бере тургандай болуп жаңылангандан кийин, мындан ары документтерди мамлекет өзү даярдайт. Ал эми андан түшкөн киреше мамлекеттин казынасына түшөт.

“Китеп басып чыгаруу боюнча дагы техникалык шарттар түзүлөт. Анда кыска аралыкта көп нускада китептер басылып чыгат, ага жараша баасы да арзандайт”, - деп кошумчалады Орунбеков.