Учурда өлкөнүн мамлекеттик карызы 5,2 млн доллар болууда

7 декабря 2022, 16:05

Жыл башынан бери өлкөнүн мамлекеттик карызын төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 30 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик карызды жабууга бөлүнгөн каражаттын 20,6 миллиард сому тышкы карызга, ал эми 10 миллиард сому ички карызга кеткен. 

Ошондой эле, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы суммасы 434,4 миллиард сомду түзүүдө. Акш доллары менен эсептегенде ал 5,2 миллион доллар.

Тышкы карыздын 1,8 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган.