Уэльстик ишкерлер Кыргызстанга кызматташуу үчүн келет

5 июня 2023, 17:39

Уэльс компанияларынын өкүлдөрү Бишкекке жергиликтүү компаниялардын өкүлдөрү менен кызматташуу үчүн келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Бул тууралуу Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулердин 1-2-июндагы жолугушуусунда белгилүү болду. 

Дипломаттар Уэльстин мамлекеттик органдары, бизнес чөйрөлөрү, ошондой эле окуу жайлары менен жолугушту. Сапардын жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

  • Бишкек жана Кардифф шаарларынын ортосунда кызматташтыкты түзүү;
  • шаарларда жашыл жана интерактивдүү маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу;
  • заманбап реалдуулукта муниципалдык башкарууну санариптештирүү ж.б.

Белгилеп кетсек, Уэльстин кызыктар компаниялары соода миссиясынын алкагында инвестициялык жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана потенциалдуу өнөктөштөрдү табуу үчүн Кыргызстанга келет.