Таласта көмүр базар баасынан төмөн баада сатылууда

25 октября 2022, 14:30

Талас облусунда элге көмүр базар баасынан төмөн баада сатылууда. Бул демилге президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан көтөрүлүп, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөткөн.

Белгиленгендей, Казакстандан көмүр ташууга тыюу салынгандыктан, быйыл кара отундун баасы бир топ жогорулаган. Алсак, облус тургундары көмүрдүн тоннасын 7-8 миң сомдон сатып алууга аргасыз болушкан.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк Кара-Кечеден көмүр алып келүүнү уюштурса, Талас облусуна үзгүлтүксүз жардам берип келе жаткан “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду бул үчүн 2 миллион сом бөлгөн.

Таласта көмүрдүн тоннасы эми 5,2 миң сомдон, ал эми район борборлорунда 5,3-5,5 миң сомдон сатылып жатат.