2020-жылы муктаж үй-бүлөлөргө бюджеттен 105.5 млн сомго азык-түлүк алынып берилген

25 января 2021, 11:45

2020-жылы пандемиянын кесепетинен социалдык жактан оор абалга кабылган үй-бүлөлөргө бюджеттен 105 млн 576.8 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги билдирди. 

 

 

Андан сырткары, калкты жылуулук жана электр энергия менен камсыз кылуу үчүн компенсациялык чыгымдарга бюджеттен 341 млн 782 миң сом бөлүнгөн. 

Анын ичинен: 

  • «Ош жылуулук менен камсыздоо»  муниципалдык ишканага — 200 млн сом;
  • бийик тоолуу жана алыскы региондордо жашаган адамдарды колдоо үчүн электр энергиясынын 50% акысын төлөөгө - 141 млн 782 миң сом бөлүнгөн.