УКМК: 196 млн сомдук имарат мамлекетке кайтарылды

5 апреля 2024, 10:30

Бишкектеги Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат жана жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ал имарат балдар ийримдери, өзгөчө гимнастиканы үйрөтүү борбору катары түзүлүп, 1992- жылы Москвадагы жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешине берилген.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси имаратты мыйзам бузуу менен жеке менчикке саткан.

УКМК аталган имараттын наркы 196 млн 302 миң сомду түзөрүн жана тарыхый-мурас экенин белгилейт.