УКМК «М-РАЙН» фармкомпаниясынын кампасын жапты

28 ноября 2022, 13:38

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектеги жеке менчик дарыкананын кампасын жапты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Ага ылайык, коррупция боюнча кылмыш иши бир катар фармацевтикалык компанияларга, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаментине карата козголууда.

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “М-РАЙН” ЖЧКсынын кампасында тинтүү жүргүзүлүп, ири өлчөмдөгү дары-дармектер табылган. Жеке фирманын кампасы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жабылды” - деп билдирди УКМК.

Белгилей кетсек, "М-РАЙН” компаниясынын кампасы борбор калаанын 5-кичи районунда жайгашкан. Оsoo.kg сайтынын маалыматы боюнча, компаниянын директору Фуат Алиев. Компания фармацевтикалык буюмдардын адистештирилген дүкөндөрүндө чекене соода менен алектенет.