УКМК: коррупцияга каршы күрөш күчөйт

27 октября 2020, 14:35

Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш күчөйт, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

УКМКдан билдиришкендей, КР Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин бийлик УКТ менен макулдашып алышы мүмкүн деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана ага негиз жок.

«УКМК коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштү активдүү улантып жатат. Бардык иш-чаралар мыйзамдын чегинде өткөрүлөт. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо, келтирилген зыянды мамлекетке кайтаруу жана кылмыштуу көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. УКМК коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт», - деп айтылат маалыматта.