УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду

9 октября 2020, 13:44

Президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагасы кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. 

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Опумбаев Орозбек Найманович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.