Соцфонддун Талас райондук башчысы пара берип жатып кармалды

12 января 2021, 15:35

Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын башчысы пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

 

 

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 11-январда Соцфонддун Талас райондук башкармалыгынын башчысы Ы.И.С. Жазык кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында пара берип жатып кармалды.

Ал Соцфонддун Талас райондук башкармалыгынын кызматкерлерине иш сапар чыгымдарына бөлүнгөн каражатты менчиктеп алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерлерине 70 миң сом өлчөмүндө накталай акча сунуштаган.

Ы.И.С. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштери жүрүүдө.