Сот аткаруучулар кызматынын атынан акча талап кылган жаран кармалды

20 февраля 2023, 16:00

Ош облусунда өзүн Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкеримин деп тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1980-жылы туулган Т.М.Т. аттуу жаран кармалган. Ал өзүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкери катары тааныштырып жүргөн.

“Кармалган адам Кыргызстандын аймагынан чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга жардамдашуу үчүн 20 миң сом талап кылган”, - деп айтылат маалыматта. 

Учурда бул мыйзам бузуу фактысы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.