Украина жарандары бийликтен 150 млн $ компенсация алышат
Украинанын жарандары пандемияга байланыштуу өкмөттөн 150 млн $ компенсация алышат. Бул тууралуу sng.today порталы социалдык саясат министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен маалымдады.
Белгиленгендей, каражат Дүйнөлүк банк тарабынан жардам катары бөлүнгөн.
Түзүлгөн келишимдердин алкагында, үстүбүздөгү жылдын май айында COVID-19 менен каршы күрөшүү үчүн, калктын аярлуу катмарын каржылоого 50 млн $, калган 100 млн $ социалдык коргоону жакшыртууга жумшалат.
Жардамдын биринчи бөлүгү пенсия, жөлөк пулдардын убагында төлөөгө бөлүнөт. Карантин учурунда Украина бийлиги субсидиянын көлөмүн жогорулатат.
Өлкөнүн бийлиги аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүүнү күчөтөт жана социалдык төлөмдөргө муктаж болгондордун санын азайтууну пландоодо.