Бишкек мэриясы 13 мектепти 12,7 миллион сомго оңдоп-түзөөгө тендер жарыялады

27 ноября 2020, 14:25

Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 2020-жылга карата курулуш объектилеринин титулдук тизмесинде өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жалпы 12 млн 772 миң 600 сомго 13 мектепти оңдоп-түзөөгө тендер жарыялады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, №3, 20, 26, 71-мектептерде жана №109, 134чү бала-бакчаларында аймак аркылуу өткөн тышкы жылуулук трассалары оңдолот. Ошондой эле, №1 мектеп тышкы жылуулук тармактарын дагы, ички жылуулук тутумдарын дагы тартипке келтирет. №46, 28-мектептерде тышкы канализация тармактары оңдолот.

№84, 93-мектептердеги имараттагы электр башкаруу бөлмөлөрү оңдолуп, №58 билим берүү уюмунун аймагы аркылуу өткөн тышкы электр кабели алмаштырылат.